Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:34

УЛУТТУК ФИЛАРМОНИЯ ЖЕТИ ДУБАНДЫ КЫДЫРЫП КОНЦЕРТ БЕРЕТ


7-октябрда Улуттук филармониянын түзүлгөндүгүнө 70 жыл толду. Мына ошол мааракеге карата аталган филармониянын чыгармачыл жамааты “Кыргыз улуттук филармониясынын 70 жылдыгы жети дубанда” аттуу концерттик программасы менен бүгүн түштүк жергесине гастролго сапар алышат.

Улуттук филармония улуу акын Токтогул Сатылгановдун ысымын алып жүргөндүктөн чыгармачыл топ алгачкы концертин Токтогул районунун тургундарына тартуулашат. Концерттик программанын негизги өзөгүн Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестри түзөт. Кечеде эл артистери Тууганбай Абдиев, Саламат Садыкова, Керим Турапов баштаган бир катар белгилүү ырчылар, жана бийчилер өнөрлөрүн тартуулашат. Концерт бекер көрсөтүлөт.

“Улуттук филармониянын артистеринин мындай чоң программадагы концерт менен эл аралап чыкпагандыгына бир топ жылдын жүзү болду. Андыктан биз элди сагындык,”- дейт Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринин башкы дирижеру Сагынбек Акматалиев.

Улуттук филармониянын жетимиш жылдык мааракеси келерки жылы белгиленет. Анын себебин филармониянын жетекчиси Керим Турапов мындайча түшүндүрдү."Бир жылча кое туруп, имаратты оңдоодон өткөрүп, филармониянын артистеринин костюмдарын жаңыртып, анан мааракени белгилейли деген министрликтин айтуусу менен кийинки жылкыга калтырдык".

Чыгармачыл жамаатардын костюмдарын жаңыртуу үчүн министрликтен 1 млн 300миң сом бөлүнгөн. Бул суммага Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринин музыканттарынын, “Камбаркан” этнографиялык ансамблинин солистеринин жана “Ак марал” бийчилер тобунун кыздарынын костюмдары жаңыртылат.

“Буйруса келерки жылдын күзүндө өтүүчү 70 жылдык мааракебизди жаңылануу, өзгөрүүлөр жана жакшы маанай менен тособуз деген тилегибиз бар”- дейт Т.Сатылганов атындагы улуттук филармониянын жетекчиси Керим Турапов.

Айжан Шаботоева, Бишкек
XS
SM
MD
LG