13:00 ЖАЛАЛАБАТ. Пахта заводун ээлеп алган жергиликтүү тургундар тарабынан дайындалган директор Ибраим Кадыров 10-октябрда шаардагы милиция бөлүмүнө чакырылып, камакка алынды. Ага милицияга каршылык көрсөтүүнү уюштурган деген айып тагылууда. Шаардагы пахта заводун жергиликтүү тургундар ээлеп алып, аны ээсине бербей, мамлекетке кайтарууну талап кылышууда.(YA)