Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:06

«ГАЗПРОМ» ЭМНЕ СЕБЕПТЕН НЕМИС ФУТБОЛУНА 125 МИЛЛИОН ЕВРО АЖЫРАТКАНЫ АТАТ?


Шейшембиде Дрезденде немистик «Шальке-04» футболдук клубуна «Газпромдун» спонсор болуу келишимине ырасмий кол коюшуу болду. Ошол эле жерде орусиялык «Зенит» футболдук клубу ал команда менен кызматташуу келишимин да түздү. Жетишилген келишимдер арибине ылайык мындан ары машыктыруу үчүн орусиялык футбол оюнчуларын Германияга жиберип туруу мүмкүн болот. Ошондой эле мунун артында европалык футболго орусиялык командаларды жакындаштыруу аракети жатканын айтышат.

Орусиялык мамлекеттик «Газпром» концерни немистик «Шальке» клубу тартчу чыгымын беш жыл бою баштан аяк төлөп турмак болуп атат. Чыгым өлчөмү 125 миллион еврого чейин барат дешет. Келишим ФРГнын мурдагы канцлери Герхард Шрёдердин арачылыгы астында болгонун айтышат.

Алдыңкы күнү Владимир Путин эки клубдун жетекчилери С. Фурсенко менен К. Теннисти кабыл алып олтуруп бул кызматташтык орусиялык футбол оюнчуларын мыкты көрсөткүчтөргө жетишүү үчүн шыктандырат деди. Ошол эле жерде англиялык «Челси» футболдук клубдун ээси Роман Абрамовичтен «Газпромдун» айырмасы «Шальке-04» клубун ал сатып албайт деп айтты:

«Иш башталгандан кийин «Шальке-04» клубун «Газпром» сатып алып атыптыр деген негизсиз аңырттар өзүнүөн өзү жок болот», - деди орусиялык лидер.

Агенттиктер немистик футболдук клубдун күйөрмандары мындай кабарды кулак түрүү менен кабылдап атканын жазышат. «Эркин Европа жана Азаттыктын» Алманиядагы кабарчысына «Шальке» клубунун күйөрмандарынын президенти Йорг Беккер акча спортко зыян алып келип атат деп айткан:

«Орусиялык фирма («Газпром» - ММ) немистерге газын сатканы келди. Ошондон улам бул анын өзүнүн атын чыгаруу максатта жасаган кадам», - деген.

«Газпромдун» башкы жумушу жерден карамай саап алуу жана аны сатуу, ошондуктан анын бул аракетинде саясат да бар экенин спорттук анализчи Роберт Воскеричан айтты. Бирок алака ырааттуу болуп, чындап жакындашуу болсо, анда орусиялык спроттук ишкердик утуш табарын белгиледи:

«Чындап кызматташуу болсо, футболдук маданияттын бири бирине алынышусу болсо анда натыйжа дурус болот. Андай алынуу багытында Кержаковду ижарага берүү – бул биринчи кадам болот. Ал келе жаткан футболдук сезондун жарымын «Шальке-04» командасында ойношу керек», - деди.

Мамлекеттик «Газпром» бүткүл чыгымын моюнуна алып аткан «Шальке-04» - футбол оюну боюнча Германиянын жети жолку чемпиону, немистик Кубоктун төрт жолку утуучусу жана УЕФА Кубогунун жеңүүчүсү. Анын курамында немис оюнчуларынан тышкары Түркия, Бразилия, Дания, Сербия, Уругвай, Грузия оюнчулары бар дешет.



Муса Мураталиев, Маскөө калаасы
XS
SM
MD
LG