БИШКЕК. Бүгүн “Реформа үчүн” кыймылынын, жарандык коомдордун, саясий партиялардын өкүлдөрү жалпы Улуттук форум өткөрүшөт. Анда өлкөдөгү коомдук-саясий абал, Конституцияны реформалоо маселелери талкууланат. Аталган кыймылдын лидери Өмүрбек Текебаевдин айтымында, оппозиция ушундай демилге көтөрүп, бийлик менен конструктивдүү диалог кылууга даяр. Форумга президент менен премьер-министр да чакыртылган. (AJ)