БИШКЕК. Бүгүн район аралык соту кызматтан четтетилген прокурорлордун арызын канааттандырган Биринчи май райондук сотунун чечимин жокко чыгаруу боюнча Башкы прокуратуранын арызын карайт. Камбаралы Конгантиев кызматтан четтеткен Ленин районунун мурдагы прокурору Абай Апаков менен Башкы прокуратуранын көзөмөл бөлүмүнүн ага прокурору Аскар Ысламов Биринчи май райондук сотуна кайрылышып, август айында сот аларды кызмат орундары калыбына келтирилсин деген чечим чыгарган. (AJ)