Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:11

9:00 Оппозиция конституциялык реформаны баштоо үчүн президентке он күн мөөнөт берди


БИШКЕК. 12-октябрда өткөн атуулдук форумдун катышуучулары бийликтин алдына тогуз талап алып чыкты. Ал талаптар 10 күндүн аралыгында биринчи Конституциялык кеңеш даярдаган Конституциянын долбоорун парламентке сунуштоо, эл ишениминдеги коалициялык өкмөттү түзүү, коомдук телевидение уюштурууга каршы коюлган ветону чакырып алуу, КТРдин базасында коомдук телевидение түзүү, “Пирамида” телерадиокомпаниясына эфирге чыгуу шарттарын түзүп берүү жөнүндө болуп жатат. Ошондой эле резолюцияда Бакиевге мамлекеттик кызмат боюнча мыйзамды сактап, жогорку кызматтагы бир туугандарын чакырып алуу, Башкы прокуратурага болсо Текебаевге каршы акция уюштургандарды тактап, Жогорку Кеңештин токтомун кыска мөөнөттүн ичинде аткаруу, Өкмөткө ХИПК программасын күн тартибинен алып салуу жана 17-сентябрдагы Аксыдагы курултайдын чечимдерин аткаруу жөнүндө талаптар коюлган. (AJ)

XS
SM
MD
LG