Кытайдын тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, БУУнун Түндүк Кореянын ядролук сынагына караштуу реакциясы Пхеньянды сүйлөшүүлөргө кайтып келүүсүнө түрткү бериши керек. Пхеньян америкалыктардын басымын “кастык аракеттер” катары баалап, жоопту чараларды көрөөрүн белгиледи.
Кытай Түндүк Кореяга каршы санкцияларды күчөтүү боюнча АКШнын сунушун колдой албастыгын билдирди