Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:33

ӨЙДӨ ТАРТСА ӨГҮЗ, ЫЛДЫЙ ТАРТСА АРАБА СЫНГАНЫ ТУРАТ


Бүгүнкү кыргыз гезиттериндеги негизги тема 12-октябрда болуп өткөн улуттук форум болду. «Слово Кыргызстана» гезити Кичи Памир, Улуу Памирдеги кыргыздардын жашоо-турмушу, кыйынчылыктары тууралуу макала жарыялаган.

Улуттук форумда Бакиев-Кулов тандеми, азыркы бийликке карата аркыл сын арбын айтылды. Аны бүгүнкү «Агым» гезитиндеги жыйында чыгып сүйлөгөндөрдүн пикир-сунуштарынын баяндамасынан, иш-чара тууралуу айрым саясатчылардын пикирлеринен улам деле баамдоого болот.

«Мынакей кечээки форумда да биз Куловду чечкиндүү болуп көп нерсени кабыргасынан коебу дедик эле, тилекке каршы бул жолу деле антүүгө эрки жеткен жок», дейт депутат Темир Сариев «Агым» гезитиндеги «Куловго биз күйүндүрүп айтып жатабыз» деген маегинде.

Кыргызстан ишкерлер ассоциациясынын төрагасы Өмүрбек Абдырахманов ушул эле гезиттеги «Бакиев 4 - 5 «сокур саясатчыны издебесин» аттуу маегинде өкмөт башчынын азыркы абалына карата өз пикирин мындайча билдирген. «Бу кишинин абалы өтө оор. Өйдө тартсам өгүзүм өлөт, ылдый тартсам арабам сынат абалында. Феликс Шаршенбаевичтин ачык парламенттик башкаруу позицияны ээлеп чыкканын коомдо конституциялык реформа боюнча багытын жактады деп эсептейм».

«Кыргызстан эмне болот? Кандай мамлекет болот деген маселелерди чечип алалы деп чыкканы турабыз. Баягыдай обед ичип олтурган кишини президент кылбайбыз. Түрмөдөн чыгарып премьер-министр бол дебейбиз. Сыртта жүргөндөрдү вице-премьер бол деп айтпайбыз. Ф.Куловду түрмөгө камап, эски бийликтин арыгын чаап жүргөндөрдү кайрадан жыйнап албайбыз», дейт Азимбек Бекназаров. Анын курултайдагы сөзү «Ким бут тосуп атат?» деген аталышта жарык көргөн.

Феликс Кулов кырдаалдан кантип чыгууну президент эмес, система аныктарын белгилеп, оболу сот бийлигин реформалоо зарыл деген пикирде. «А система кандай болуш керек? Биринчиден, биз бүгүн конституциялык реформаны күтпөстөн эле көз каранды эмес сотторду түзүүгө тезинен киришсек болот. Анткени алардын көз карандылыгы экономикага таасирин тийгизе баштады», дейт Ф.Кулов.

Конституциялык реформа жүргүзүүнүн кыйынчылыгы долбоорлордун көптүгүндө, он жети варианты жазылган. «Анын онбешин ойлонбой эле ыргытып таштаса болот. Ошентип ыргытылчу варианттардын арасында мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаров менен анын тобу түзгөн варианттар да бар», деп жазды «МСН» гезитинде журналист Дарья Малеваная.

Кыргызстанда бир караан – 2-ноябрдын карааны акмалап калганына «Кыргыз руху» гезитинде Жазгүл Масалиева токтолгон. «Бүгүн эми Ф.Кулов өз эрки менен өкмөттөн кетем десе деле К.Бакиев кетирбейт. Себеби тандем эми ага гарант. Ф.Куловго Акүйдөн түз эле оппозицияга жол. А мындай оппозиционердин келерки төрт жылга эмес, бир күнгө да К.Бакиевге кереги жок», дейт Ж.Масалиева.

Сырткы, ички күчтөрдүн таасиринде калган Кыргызстан деңизде калкылдаган кайыктай токтолго таппай турат. «А биз бул чакырыктарга эч кандай маани бербейбиз да, бардык күнөөнү бийликтен көрөбүз. А чындыгында маселенин чоо-жайы таптакыр башкада. «Иттин өлүгү кайда көмүлгөн?» дегендей», деп жазат «Бишкек таймс» Алмаз Мамбетов «Үчүнчү күчтү уккубуз, билгибиз келбей жатат… акыры ошондон бирди көрбөсөк эле болду» деген макаласында.

Алматы базарында жайнаган кыргыздар иштеп, жумушсуздуктун айынан каруу-күчтүү жигиттердин, кыз-келиндердин 80% чет жерде жүрүшкөнү «Кыргыз туусу» гезитиндеги Бермет Маткеримованын макаласында баяндалган.

Ал эми оогандык кыргыздардын оор абалы, Ооганстан, Пакистан, Кытай чектешкен Памир тоолорунда күн кечирип келаткан улутташтарыбыздын жашоо-шарты начар, жалаң мал чарбачылыгы менен күн көргөн калктын саны жылдан-жылга кескин азайып баратканы «В конце недели» апталыгындагы Эдуард Кубатовдун «Келечекке күдөр» деген макаласында баяндалган. Ооганстан өкмөтү тарабынан көңүл бурулбай, чет элдик гуманитардык уюмдардын баам сыртында калган элдин келечек тагдыры бүдөмүк, деп белгилейт макала автору.
XS
SM
MD
LG