Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:06

12:00 Европалык өкүлдөр Кыргызстанга конституциялык реформа зарыл дешет


Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев Европа Биримдигинин Борбор Азия өлкөлөрүндөгү өкүлү Пьер Морел, Германиянын Кыргызстандагы элчиси Клаус Гревлих менен жолугушту. Анда Кыргызстандагы конституциялык реформа маселеси талкууланып, европалык өкүлдөр авторитардык режимди өзгөртүү үчүн конституциялык реформа зарылдыгына макулдугун билдиришкен. Европалыктар ошондой эле бийлик менен оппозиция жалпы тил табаарына үмүт атышканын белгилешкен. Европа өкүлдөрүн бүгүн түштөн кийин президент Курманбек Бакиев да кабыл алмакчы. (AiT)

XS
SM
MD
LG