БИШКЕК. Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Алмаз Камчыбеков баштаган делегация бүгүн Түркиянын куралдуу күчтөрүнүн башкы штабында эки тараптуу кызматташуу боюнча маселелерди талкуулайт. Кыргыз делегациясы Түркияда 17-октябрга чейин болот. (AJ)