Былтыр 13-октябрда Орусиянын Кабарда жана Балкар жумуриятынын борбору Налчик шаарында болгон кандуу окуяга бир жыл толду жана башкы прокуратура имаратынын алдында кечээ күнү пикет өткөрүлдү. Куралдуу кагылышуу учурунда 35 милиция жана 92 жергиликтүү тургун өлгөн. Курман болгондорду бийлик террорчу деп эсептегендиктен, алардын денелери эмгиче туугандарына бериле элек.