Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:56

Мохаммад Солихтин Өзбекстанда абакта отурган бир тууганы өлөөр алдында


Өзбекстандын абагында отурган Мухаммад Бекжон деген жарандын ден соолугу тууралуу эл аралык уюмдар тынчсыздануу билдирүүдө. Бекжондун Америкада жашаган кызы Айгүлдүн айтымында, анын энеси Нина жакында Касан шаарындагы абакка барып келүүгө уруксат алды: "Менин энем аны барып көрдү. Анын айтымында, абал өтө начар, анын сөөгү менен териси эле калган. Тиштери жок, чайнай албайт. Абал өтө начар", - дейт Айгүл. Бекжон - сүргүндө жашаган оппозициялык саясатчы Мохаммад Солихтин бир тууганы жана Ташкенде 1999-жылы болгон жардыруулардан кийин кармалып,
"Өзбекстандын исламдык кыймылы" деген уюмдун мүчөсү болгон деп күнөөлөнгөн. Өлүм жазасына кесилген Солихтин Рашид жана Камил деген дагы эки бир тууганы абакта.

XS
SM
MD
LG