Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:00

ТОКТОГУЛ ЖЕТИ ДУБАНДА, БАЙГЕДЕН БОШОБОГОН «БАБАЛАР КЕРЭЭЗИ»


(Өткөн аптанын маданий окуялары)

Шейшемби күнү Учур телетеатры Альбер Камюнунун чыгармасынын негизинде сахналаштырылган “Калигула” спектаклинин бет ачары менен бешинчи театралдык сезонун ачты. Бул спектаклде байыркы Римдеги бийлик талашуудагы көмүскө оюндар чагылдырылган. Оюнду тажик режиссеру Султан Усманов сахналаштырды. 100 миң сом каражатты талап кылган бул спектакль менен артистер келечекте эл аралык фестивалдарга катышууну ниет кылышууда.


Шейшемби күнү борбордогу Бакайата жаңы конушунда “Бакайата кол өнөрчүлөр борбору” ачылды. Миграция жана калкты жумушка орноштуруу комитети тарабынан уюштурулган бул борбордун ачылыш салтанатына вице премьер министр Тынычбек Табылдиев катышты. Кичи жана орто бизнести өнүктүрүү максатын көздөгөн бул кол өнөрчүлөр борбору 40ка жакын чеберди жумуш орду менен камсыз кылды. Ал эми уюштуруучулар келечекте борборду кеңейтүүнү ниет кылышууда.


Бейшемби күнү улуттук китепкананын көркөм өнөр борборунда орус композитору Дмитрий Шостаковичтин туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган чыгармачылык кече болуп өттү. “Дүйнөлүк маданияттын чокусу” деген программанын алкагында уюштурулган бул кечеде композитордун чыгармачылык өмүр жолун чагылдырган видеотасмалар көрсөтүлдү.


Бул жумада Т.Сатылганов атындагы улуттук филармониянын чыгармачыл жамааты “Кыргыз Улуттук филармониясынын 70 жылдык мааракеси жети дубанда” аттуу концерттик программасы менен түштүк жергесине гастролго чыгышты. Филармониянын жетекчиси Керим Турапов менен телефон аркылуу байланышканыбызда ал концерттин жүрүшү тууралуу мындай деди:

-Биринчи концертибиз Токтогулда, экинчиси Кара-Көлдө өттү. Биз көптөн бери эл аралай электигибизге байланыштуу көрүүчүлөрдүн сагынып калгандары байкалып турат. Мындан ары түзүлгөн график боюнча улантып кете беребиз. Эгер аба-ырайы ачык болуп турса 26-октябрга чейин гастролду улантып, Баткен облусунан жыйынтыктасак деп турабыз.

Бейшемби, жума күндөрү сүрөтчүлөр үйүндө “Чыгыш-Батыш графика Бишкек- 2006” аттуу көргөзмө болду. Көргөзмөдө Казакстан, Өзбекстан, Австрия өлкөлөрүнөн келген жана кыргыз сүрөтчүлөрүнүн графика жанрындагы анын ичинен литография, ксилография, линотипия жана монотипия ыкмасы менен жараткан эмгектери көрүүчүлөрдүн сынына коюлду. Иш-чаранын уюштуруучуларынын айтымында мына ушундай эле көргөзмө келерки жылы Австрияда жана Казакстанда өткөрүлөт.


Кыргыз режиссеру Нурбек Эген тарткан “Бабалардын керээзи” көркөм тасмасы Смоленск шаарында өткөн “21-кылымдын жаңы киносу” аттуу кинофестивалда мыкты фильм сыйлыгына татыктуу болду. Кошумчалай кетсек аталган фильм буга чейин Лос-Анджелесте өткөн жаш кинематографистердин фестивалында “Кичи оскар” сыйлыгын, Татарстанда өткөн мусулман кинолорунун экинчи эл аралык фестивалында “Золотой минбар” байгесин жеңип алган. Ошондой эле жакында эле өткөн “Евразия 2006” эл аралык кинофестивалда атайын байгеге татыктуу болгон.


Бул жумада белгилүү куудул Борончу Кудайбергенов 20 жылдык чыгармачылык мааракесин өткөрдү. Кеченин алдында анын чыгармачылыгын чагылдырган жарым сааттык видеотасма көрсөтүлдү. Мына ушул эле программадагы концерти менен Борончу Кудайбергенов октябрдын соңунда Нарын өрөөнүн кыдырууну ниет кылууда. Андан соң талантын түштүк жергесинин тургундарына тартууламакчы.


Айжан Шаботоева, Бишкек
XS
SM
MD
LG