Айбек Алимжановдун жекшемби күнү кечинде атып өлтүрүлүшү боюнча ишти иликтөөнү Башкы прокуратура, Ички иштер министрлигине тапшырууну депутат Иномжан Абдрасулов бүгүн сунуштады. Эгерде кылмышкерлер тез арада табылбаса кырдаал курчуп, ал улут аралык маселеге алып келиши ыктымал, деп белгиледи депутат. (AiT)