Келишим эки өлкөнүн укук коргоо органдары кылмыш иштерин иликтөөдө бири-бирине көмөк көрсөтүү маселелерин камтыйт. Мындай макулдашуу боюнча мыйзам долбоорун парламенттин тиешелүү комитети жактырган. Эми аны Жогорку Кеңеш ратификациялаш керек. Ички иштер министринин милдетин аткарып жаткан Осмонаалы Гуронов бүгүн бул келишим боюнча Жогорку Кеңеште сөз сүйлөмөкчү. (SM)
9:00 Кыргыз-тажик укук коргоочуларынын кызматташуусу боюнча келишим бүгүн парламент кароосуна коюлат