Европа Биримдигине кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери кабыл алган документте Орусияда жашап жаткан грузиндерди куугунтука алып жаткандыгына байланыштуу тынчсыздануу айтылат. Уюмдун мүчөсү Бенита Ферреро-Вальднердин белилешинче, эки өлкө ортосунда мамилелерде Абхазиядагы жана Түштүк Осетиядагы чатактар башкы маселе бойдон калууда.