Бүгүн Бишкекте кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны аяктады. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө 911 чакырым келген чек аранын 100 чакырымдан ашууну такталды. Бул тууралуу өкмөттүн регионалдык маселелер боюнча бөлүм башчысы Саламат Аламанов билдирди. Анын айтымына караганда, чек аранын аныкталган бөлүгү талаш туудурбаган тоолуу аймактарда. (AiT)