«Жаш саясатчылар форумунун» координациялык кеңешинин мүчөсү Жаркынбек Касымбеков жана анын шериктери бүгүн түнкү саат экиде Бишкек шаарындагы Ош базарында плакат илип жүргөн учурунда милиция кызматкерлери кармашып, түш чендерде бошотушту. Форумдун лидерлеринин бири Адил Турдукуловдун айтымына караганда, жаштар илген плакаттарда «2-ноябрда биз өзгөрүүлөрдү күтөбүз» деген жазуусу бар эле. Ал эми «Реформа үчүн» кыймыл үгүттөөчүлөрдүн кармалуусуна кескин нааразылык билдирип, бийликти ар кандай чагымдарды уюштурууга тыю салууга чакырды. (AiT)