Жогорку сотко депутатыкка талапкер Санжарбек Кадыралиев жана Борбордук шайлоо комиссиясы Биринчи май райондук сотунун чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен кайрылган. БШК 5-октябрда Мамат Орозбаевди Жогорку Кеңештин депутаттыгына каттаган мурдагы чечимин жокко чыгарып, анын ордуна Санжар Кадыралиевди депутаттыкка каттаган эле. Бирок Биринчи май райондук соту бул чечимди жокко чыгарган.