Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:41

ХИЖАБ КИЙГЕН АЯЛ ЭЛДЕН БӨЛҮНҮП КАЛАБЫ?


Британияда мусулман аялдардын жүзүн жашырып, хижаб жамынып жүрүү укугунун тегерегиндеги талаштар күч алууда. Премьер-министр Тони Блэр исламдагы жүзүн жаап-жашыруу адатын “коомчулуктан бөлүнүү белгиси” деп баалады. Британия эски континентте бул маселени талкуулаган соңку өлкөлөрдүн бири, айрым Европа мамлекеттери мусулман аялдардын эң консервативдүү кийимине мурда эле тыюу салган.

Рахманара Чоудхури бетин чүмкөгөн хижаб кийүүнү университеттин акыркы курсунда баштаган. Көпчүлүк кишилер муну түшүнүү менен кабыл алышкан, кийин Британиядагы Луфбурах шаарындагы университетте сабак берип жүргөндө деле тоскоолдук болгон эмес, дейт Рахманара.

- Хижаб менин мусулман экенимдин белгиси, ал мага жүрүш-туруш, мүнөзүмдү жакшылап көзөмөлдөөгө жардам берет. Хижаб кийип жүргөндө мен кудайды көбүрөөк эстейм жана ал руханий дүйнөмдү байытат. Мурда башыма жоолук гана салып жүргөндө деле мүнөзүм токтоо, сабырдуу болчу, кийин руханий жактан көбүрөөк өстүм.

Ушу тапта Рахманарага окшоп бети-башын жашырып, хижаб жамынган мусулман аялдары – Британияда кызуу талкууланып жаткан маселелердин бирине айланды. Талаштын баары – ушул айдын башында өлкөнүн мурдагы тышкы иштер министри Жэк Стро хижаб кийген аялдар менен жолугушканда бетме-бет баарлашыш үчүн алардан жүзүн ачып сүйлөшүүнү суранаарын айтканда от алды. Ага удаа британ өкмөтүнүн дагы бир мүчөсү хижаб жамынып алып балдарды окуткан аялдар өз кызматын ойдогудай аткара албайт, алар иштен бошотулушу керек деген пикирин билдирди.

Шейшембиде британ премьери Тони Блэр мусулман аялдардын консервативдүү кийимин алардын коомчулуктан бөлүнүү аракети деп баалады.

- Менимче, мурда айтканымдай, биз бул маселеге каршы болуп, адамдарды британ коомчулугуна жуурулуштуруу ишин туура жүргүзүшүбүз керек. Бардык мисалдар алар коомго канчалык мыкты интеграцияланса, ийгиликтери да ошого жараша чоң болоорун көрсөтүүдө.

Буга чейин хижаб маселесине сабырдуу мамиле жасап келген Британиянын премьери Блэр ушундай пикирди айтса, Европалык айрым өлкөлөр, мисалы Бельгиянын айрым шаарларында мусулман аялдардын бети-башын жаап жүрүүгө тыюу салынган. Ошондой шаарлардын бири Маасейктин мэри Ян Крэймерс буларды айтат.

- Бизге телефон чалып, атайын келген жарандарыбыз: почта, же банкка барганда, бутунан башына чейин кара кездеме жаап алган аялдарды көргөндө коркуп кетип жатканын айтышты. Айрым энелер келип: “балдарыбыз мектепте кара хижаб жамынган аялдарды көргөндө коркконунан ыйлап кирди”, - деп арызданышты. Хижаб кийген беш-алты аял менен сүйлөшүп-түшүндүрсөм, көбү андан баш тартышты, бир гана аял каршы чыгып, “эмне үчүн сиз менин кийимиме кийлигишесиз?” дегенинен биздин коомдун салт-санаасы ушундай. Коомдук жерлерде адамдар жүзүн ачып жүрүшү керек, эл ошого көнгөн деген пикиримди айттым.

Азырынча Британия мусулман аялдардын хижаб кийүүсүнө чектөө киргизип, же тыюу салат деп айтуу эртелик кылат. Көп улуттуу, ар түрдүү маданият өкүлдөрү жашаган өлкөдө мындай мыйзам кабыл алуу оңой эмес дешет серепчилер.

Рахманара коомчулукта бул талаш башталгандан бери көчөгө хижабчан чыкканда мурдагыдай өзүн ишеничтүү сезбей калганын айтат. Британ мектептеринин биринде мугалимдин жардамчысы болуп иштеген Айша Азми тыюу салынган күндө да хижабды чечпейм дейт.

- Биз бири-бирибизге түз карап, түшүнүп кабыл алышыбыз керек, бул жакта бир гана аял хижаб жамынып жүргөн жок, андай мусулман аялдар абдан көп.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     
XS
SM
MD
LG