Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:22

11:30 Экстремистик аракеттерге каршы кошумча чаралар жөнүндө сунуштарды ЖК кабыл албады


«Экстремистик маанайдагы материалдарды жарыялаганы үчүн» жазаны күчөтүүнү караштырган бир катар мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш бүгүн кабыл алган жок. Мыйзамды парламентке койгон юстиция министри Марат Кайыпов бул өзгөртүү жана кошумчалар буга чейин кабыл алынган «Экстремизм жөнүндөгү» мыйзамдын талаптарына ылайык жасалып жатканын билдирди. Ал эми оппозициялык депутат Мелис Эшимканов долбоор кабыл алынса саясий оппоненттерди куугунтуктоого жол ачаарын белгиледи. (AiT)

XS
SM
MD
LG