«Социал-демократиялык партиянын лидери Алмаз Атамбаевге прокуратура тарабынан эскертүү берилгенине жана «Жаш саясатчылар форумунун» өкүлдөрүнүн милиция тарабынан кармалышына нааразымын»,- деп билдирди Президент алдындагы Адам укуктары боюнча комиссиянын башчысы Турсунбек Акун бүгүн. Бишкекте өткөн форумда Алмаз Атамбаев президентти кордоочу сөз айткан деп прокуратура 18-октябрда эскертүү жасаган. Ал эми жаш саясатчылар үгүт палакатын илип жүргөн учурда кармалып, бирок кийинчерээк бошотулган болчу. (AiT)