Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:05

18:00 Курманбек Бакиев : Конституциялык реформа Кыргызстанда токтоп калган жок. Ал уланууда


Жогорку Кеңеш долбоорлор боюнча парламенттик угуулар өткөрүп, бир жыйынтыка келиш керек, деп билдирди президент Курманбек Бакиев бүгүн социалдык кызматкерлердин күнүнө арналган жыйында. Ал ошондой эле оппозицияны тегерек столдо болгон маселелерди талкуулап, компромисске келүүгө чакырды. 2-ноябрда өлкөдө 24-марттагыдай окуяны болтурбай, өлкөдө туруктуулукту жана тынчтыкты сактоого бардык аракеттерди жасаарын билдирди. Ал эми элди регион-регионго бөлүп, коомду дестабилдештирүүгө аракеттенгендер жазасын алат, деп белгилеген президент. (AiT)

XS
SM
MD
LG