Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:50

КЫРГЫЗСТАН – КМШ ИЧИНЕН БАЛДАРЫН ЭҢ НАЧАР БАККАН ӨЛКӨ


Элеонора Бейшенбек кызы Бириккен улуттар уюмунун балдар кору - ЮНИСЕФтин маалыматы боюнча Кыргызстанда балдардын 80 пайызга жакыны жакырчылыкта жашайт.Уюмдун 18 – октябрда жарыялаган баяндамасында Кыргызстан - Борбор Азия мамлекеттери ичинен жокчулуктан азап тарткан балдардын саны боюнча алдыңкы сапты ээлеген. Кырдаал чынында эле ошондойбу?

ЮНИСЕФ жарыялаган баяндамага ылайык, акыркы он жыл ичинде дүйнө жүзүндө балдардын акыбалы кыйла жакшырган. Бирок бул көрсөткүч баардык өлкөлөрдө бирдей эмес. Жакыр мамлекеттерде, көп балалуу үй – бүлөлөрдө балдардын абалы оор бойдон калууда. Кыргызстанда балдардын 80 пайызга чукулу кедей турмушта жашайт. Ал эми жалпы КМШ аймагында 11 жаштан 15 жашка чейинки ар бир төртүнчү баланын турмушу жарды. Ушундан улам көпчүлүк балдар бели ката электе ишке киришет.

Биз менен базарда аңгемелешкен балдардын кебинен:

-Атым Зульфия, 14 жаштамын. Азыр бизге айлыкты аз төлөп атат. Ошондуктан биз же кийимге жетпейбиз, же тамакка жетпейбиз.

Зульфия өндүү өспүрүмдөр Кыргызстанда четтен табылат. Жокчулуктун айынан мектепке барбай калуу - кадимки көрүнүшкө айланган. Мындай балдардын саны канча экени так аныкталган эмес:

- Атым Момун, 13 жаштамын, Мектепке барбайм. 2 – класска чейин окугам, анан байкем түрмөгө түшүп калгандан кийин барбай калгам.

Кыргызстанда ушул жылдын жайында Балдар жөнүндөгү кодекс кабыл алынган. Адистер бул мыйзам долбоорунун кабыл алынышы менен балдар турмушу жакшырат деп көп үмүт арткан эле. Бирок иш жүзүндө бул документтен азырынча майнап чыкпагандай. Балдарды коргоо борборунун башчысы Мира Итикеева иштеп жүргөн балдардын укугу дээрлик сакталбагандыгын айтат:

- Балдар эмгегин бир гана билим алмаштыра алат. “Балдар борборундагы” маалымат боюнча, Бишкекте иштеп жүргөн биздин программаларга келген балдардын 80дей пайызы мектепке такыр барган эмес. Алардын 12 пайызы 2-4-класстан кийин эле мектепти таштаган. Бул өтө кооптуу көрсөткүч.

Мындай учурда балдардын өздөрү менен эле иштөө жетишсиз экенин айтат “Балдарды коргоо” борборунун кызматкери Фатима Алаярова. Эң ириде алардын ата–энелеринин да жоопкерчилигин ойготуу зарыл:

- Биз жалаң балдар менен эле эмес, ата – энелери менен да иштешебиз. Ата – энелери өздөрү жардам беришпесе, балдардын өзүнө эле жардам берип коюу жетишсиз.

Балдар мамлекеттин көңүл чордонунда дейт эмгек жана социалдык коргоо министринин орун басары Жамиля Алымбекова. Өлкөдөгү азыркы шарттарда балдардын ишке тартылуусун таптакыр тыйып салуу мүмкүн эмес. Ушундан улам балдардын ден–соолугуна зыян келтирбегидей жумуштарга тартылуусуна, эмгек укуктрынын сакталуусуна аракеттер көрүлүп жатат:


- Ата – энелерге балдарыңарды иштетпегиле деп чек кое албайт экенбиз. Балдардын ден – соолугуна зыян келтирбегендей жумуштарда иштешине мүмкүнчүлүк берсек болот экен. Элдердин көңүлүн ушул нерсеге бурушубуз керек экен. Эми он–жыйырма жылдап биз бул маселелерге көңүл бурган эмеспиз деп айтуудан алыс болушубуз керек. Себеби жакшы нормативдик документтер, мыйзамдар чыгып атат. Балдардын акыбалы көңүл чордонунда болуп атат.

Ырасмий маалымат боюнча, дүйнөдө 18 миллиондой бала жакырчылыкта жашайт. БУУнун балдар кору ЮНИСЕФ кедейчиликте күн өткөргөн балдары көп өлкөлөргө кайрылып, балдарды социалдык жактан коргоп, алардын керектөөлөрүн канаттандырууга чакырууда.

Азырынча Кыргызстан – мурдагы Советтер Союзу ичинен балдарын эң начар баккан өлкө аталды. Чын эле бул өлкөдө “Балдар – биздин келечегибиз” деген ураан унутулуп калганбы?

XS
SM
MD
LG