Депутатыкка талапкер Санжарбек Кадыралиев менен БШКнын арызын караган Жогорку сот кечээ ушундай чечим кабыл алды. Бул тууралуу «Азаттыкка» билдирген депутат Мамат Орозбаев райондук соттун чечими күчүндө калганын белгиледи. БШК 5-октябрда Мамат Орозбаевди Жогорку Кеңештин депутаттыгына каттаган мурдагы чечимин жокко чыгарып, анын ордуна Санжар Кадыралиевди депутаттыкка каттаган эле. Бирок Биринчи май райондук соту бул чечимди жокко чыгарган. (SM)