Жалпы облус боюнча мекеме-уюмдардын кызматкерлерине мамлекеттик казына 10 миллион сом карыз. Аксы районундагы жергиликтүү кызматкерлер төрт, Токтогул жана Тогузторо районундагылар үч-үч жарым ай, Чаткал районундагылар эки жарым айдан бери эмгек акысын алыша элек. Облустук казына мурда райондорго бөлгөн каражаттарды аймактык бийликтер акимиаттардын техникалык жана чарбалык жумуштарына жумшап ийишкен. Мамлекеттен субвенция алып жашаган аталган райондордун карызын төлөөнү өкмөт облустук казынага жүктөгөн. (YA)