Бүгүн Жогорку Кеңеш 2-ноябрга белгиленген митинг маселесин талкуулап, анын соңунда 2-ноябрга чейин ачык диалог баштоону президентке жана «Реформа үчүн» кыймылына сунуштады. Коюлган талаптар боюнча эки тарап макулдашып, аны аткаруунун этаптарын аныкташ керек деген пикирди билдиришти депутаттар.Бирок кворумдун жоктугуна байланыштуу талкуу соңунда эч кандай документ кабыл алынган жок. (AiT)