Бул тууралуу өлкөнүн Борбордук Шайлоо комиссиясы билдирди. 6-ноябрдагы шайлоого карата 3.2 миллион бюллетен басылып, добуш берүүдөн эки күн мурда шайлоо чөлкөмдөрүнө жеткирилмекчи. Шайлоого азыркы президент Эмомали Рахмонов менен катар дагы төрт киши катышууда, бирок Рахмонов оңой эле жеңип чыгат деп күтүлүүдө.