“2007-2012-жылга маданият саясатынын концепциясын” иштеп чыгуу максатында “Кыргызстандагы-Сорос” кору уюштурган конференция Койташ эс алуу борборунда өтүп жатат. Анда маданият тармагы боюнча коомдук, жарандык уюмдардын ролун жогорулатуу, меценаттык жардамды өркүндөтүү, музей, китепкана, маданий эстеликтерди сактоо жана байытуу, эл аралык байланыштарды күчөтүү сыяктуу маселелер каралууда.