Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:55

ЖЕР АСТЫНДАГЫ СУУНУН КӨТӨРҮЛҮШҮ ЧОҢ КӨЙГӨЙГӨ АЙЛАНДЫ


Жер астындагы суулардын көтөрүлгөндүгүнөн улам жалпы Кыргызстанда кооптуу кырдаал түзүлүүдө. Өткөн жумада болгон Кыргыз өкмөтүндөгү талкууда маселенин олуттуулугу баса белгиленип, аны мамлекеттик каржылоого алуу жагы Жогорку Кеңештин кароосуна сунушталды.

Жер астындагы суулардын көтөрүлүшү жаатындагы көйгөйдү Күтүүсүз кырдаалдар министринин орунбасары Бакир Жолчиев мындайча мүнөздөдү:

-Республика боюнча 3200 чарчы чакырым аянт сазга айланып калды. 2003-жылы 185 айыл жер астындагы суулардын көтөрүлүшүнөн жабыр тартса, 2005-жылы 337 айыл, ал эми азыр 400гө жакын айыл жана бир катар шаарлар куруп барат. Үй-жайлар жараксыз болууда. Эң жаман акыбал Чүй облусунда. Андагы суу каптаган жерлер 1700 чарчы чакырым аймакты кучагына алат.

Жер астындагы суулардын көтөрүлүшү 39 айылды азап чектирген Нарын облусуна бүгүнкү күнгө чейин олуттуу жардам бериле элек. 450 чакырым коллектордук-дренаждык система каралбай жараксыз акыбалда турат.


Журналист Жылдыз Мусабекова жерден суу чыккан Атбашыдагы аянычтуу көрүнүштү өз көзү менен көрүп келген. Анын айтуусунда, Ак моюн, Бирдик сыяктуу айылдарда эки-үч жылдан бери жер астынан суу тынымсыз чыгат. Канчалардын жертөлөдөгү картөшкөлөрү чирип, үйлөрү кулай турган акыбалга келсе да жардам жок. Үйлөрүн тиретип коюп эптеп жашап атышат. Комиссия келип, маалымат алып кеткен менен, кээде “бармак басты, көз кысты” иштери жасалып, суу чыкпаган эле үйлөргө ссуда бердирип, акча жасагандар бар. Буга карапайым калк абдан нааразы.

Ал эми Баткен облусунда жер астындагы суулардын көтөрүлүшү 300 гектарды кучагына алган. Облус губернаторунун орунбасары Жээнбек Келдибаевдин ою боюнча, дыйкандар жапа тырмак шалы (күрүч) эккендиги үчүн да жер астындагы суулардын көтөрүлүшү көбөйүп жатат. Андыктан шалыны кескин түрдө башка айыл чарба өсүмдүгүнө ооштуруп, ошол жол менен кырдаалды бир аз жеңилдетүү аракетинде.

Кыргызстан боюнча азыр 5900 чакырым коллектордук-дренаждык система болсо, ошонун 4266 чакырымы айыл өкмөттөргө, суу пайдаланчу ассоциацияларга таандык жана каржынын жоктугунан ошонун баары иштебей, чирип баратат.

Күтүүсүз кырдаалдар министринин орунбасары Бакир Жолчиев жер астындагы суулардын көтөрүлүшүнө каршы жалпы мамлекеттик деңгээлде күрөшүүгө эчак мезгил жеткен деп эсептейт. Азыр үйлөрү жер астындагы суулардын көтөрүлүшүнөн жараксыз болуп бараткандарга 200 миң сомдон ссуда бергенде эле жарым миллиард сом чыгымдалат экен. Андыктан, Кыргыз өкмөтүндө бул маселе талкууланганда жер астындагы суулардын көтөрүлүшүн чектөө иш чараларын жүргүзүү үчүн бюджеттен каражат кароо жагы баса белгиленген жана аны аткарууну Жогорку Кеңештен сураныч кылышкан. Эми бул маселеге Жогорку Кеңештин жардамы зарыл.

Адистер сырттан чоң инвестиция келбесе жер астындагы суулардын көтөрүлүшүн чектөө мүмкүн эместигин да белгилешүүдө.

Кожогелди Култегин, Бишкек

XS
SM
MD
LG