Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июнь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:19

Панама каналын кеңейтүү маселеси боюнча референдум өттү

Панамада өткөн референдумдун жыйынтыктары көрсөтүп тургандай, добуш бергендер Панама каналын кеңейтүү планын толук колдошту.Тынч океанын Атлантика океаны менен байланыштырган 80-километрдик каналдын кемени өткөрүү мүмкүнчүлүгүн эки эсеге көбөйтүү пландаштырылууда. Ушул тапта канал жылына 14 миңге жакын кемелерди өткөрөт. Панаманын казынасы негизинен кеме жүргүзүүдөн түшкөн каражаттан топтолот. Каналды кеңейтүү иштерине 5 миллиард долларга чейин каражат сарпталат.
XS
SM
MD
LG