Мындай билдирүүнү АКШ президенти Жорж Буш ишемби күнү генералдар менен Ирактагы абалды талкуулап жатып билдирди. Ал эми АКШнын мамлекеттик департаментинин жогорку даражадагы өкүлү Алберто Фернандес “Аль-Жазира” телеканалына берген маегинде АКШ Иракта өз “макоолугун” жана “текебердигин” көргөздү деген. Мамдепартаменттин өкүлү Шон Маккормак болсо, Фернандестин пикири АКШнын саясатын же Буштун көз карашын чагылдырбайт деп билдирди.