Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:01

ОТУН ЭНЕРГИЯСЫ-СТАБИЛДҮҮЛҮКТҮН ЖАНА КООПСУЗДУКТУН АЧКЫЧЫ


Амирбек Усманов, Прага Дүйшөмбү күнү Прагада эларалык энергетикалык форум ачылды. Жыйындын биринчи күнү талкууланган негизги маселелердин бири отун энергия базарындагы кырдаалга, мунай жана газ менен камсыздоонун саясый туруктуулукка, ошондой эле коопсуздукка тийгизген таасирине арналды. Буга байланыштуу айрым адис-эксперттер Россиянын мунай жана газды саясый буроо катары колдонууга умтулуп жатканын белгилешти.

Прагадагы форумдун ачылышында Чехиянын өкмөт башчысы Мирек Топаланек белгилегендей, акыркы 1- 1,5 жылда Евробримдиктин отун энергия маселесине болгон мамилеси кескин өзгөрдү. Анын негизги себептери катары премьер-министр Топаланек дүйнөлүк глобализациянын шартында мунай жана газ сыяктуу стратегиялык заттардын экономикалык мааниси өскөнү; мунай-газ булактарына босоголош Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчуусу, ошондой эле негизги өндүрүүчүлөрдүн бири- Венесуэладагы жагдайдын өзгөрүүсү; мунай-газга болгон талаптын чоңойгону жана аны тез канааттандыруу мүмкүн болбой жатканы; ошондой эле Россиянын табигый артыкчылыгынан пайдаланып, отун- энергиясын супермамлекеттин куралына айлантуу аракети менен түшүндүрдү.

Эларалык энергетикалык форумдун алгачкы отуруму «Отун энергиясы- стабилдүүлүктүн жана коопсуздуктун фактору” деп аталды. Эмне үчүн?
Жыйынга төрагалык кылган Польшанын мурдакы премьер-министри Иржи Бузек анын жайын мындайча чечмеледи:

- Бүгүн талкууланчу башкы темабыздын «Отун энергиясы- стабилдүүлүктүн жана коопсуздуктун фактору” деп аталышы- энергетикалык кризистин айрымбир жагдайда саясый кризис үчүн чоң түрткү болушуна байланыштуу экенин ар бирибиз жакшы түшүнөбүз. Өткөн кылымдын 60-70 жылдары Жакынкы Чыгышта ушундай болгон. Бүгүн да (мунай-газ базарындагы) кырдаал ошондой болууда. Бирок бул жагдай жалгыз эле Жакынкы Чыгыш менен байланышкан эмес. Ушундан келип, биз отун-энергия кризисин болтурбай койсок, кээ бир учурда саясый кризистен сактана алабыз. Экономикалык кризис –бул мунай-газ менен камсыздоодогу тартыштык жана баанын өсүүсү.

Иржи Бузек азыр Европарламенттин мүчөсү.

Батышта отун энергия тармагындагы коопсуздук маселеси Россия былтыр Украинага сатылчу газдын баасын күтүүсүздөн жогорулатып жибергенден кийин айырча актуалдуу темага айланды.

Украинанын “Укртранснафта” мунай компаниясынын директорлор кеңешинин төрага орун басары Михайло Гончардын сөзүнчө, газдын наркын эларалык базар баасына шылтап жогорулатуу менен Россия көгүлтүр отунду өндүрүүдөгү жетишсиздикти жаап-жашыргысы келген.

Келаткан кышта да газ каатчылыгына кабылбоо үчүн Украина 25 миллиард метр куб газ камдап койгон.

Прагадагы энергетикалык форумда айтылганга караганда, Россиянын кысымынан кийин Украина, Латвия, Словакия, Чехия жана башка өлкөлөр отундун жаңы булактарын жана дагы үнөмдүү пайдалануунун жолдорун издей башташкан.

XS
SM
MD
LG