Курманбек Бакиевдин “Реформа үчүн” кыймылынын лидерлери менен жолугушууга убактысы болбой жатканын президенттин администрациясы билдиргенин депутат Мелис Эшимканов “Азаттыкка” маалымдады. Анын айтымында, президенттин убактысы жогун айтып шылтоо кылышы -“Реформа үчүн” кыймылдын мүчөлөрү менен сүйлөшүүнү каалабагандыгы. Ал эми кыймылга мүчө депутаттар 1-ноябрга чейин округдарга кетишкен. Ошол эле учурда, аталган кыймылдын дагы бир мүчөсү Асия Сасыкбаеванын айтымында, президент облустардагы иш сапарынан келгенден кийин 27-октябрда оппозиция менен жолугушуусу мүмкүн. "Реформа үчүн” кыймылдын штабы президент Курманбек Бакиев менен сүйлөшүүгө бара тургандыгы тууралуу 23-октябрда чечим чыгарган. (AJ)