Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:57

БОРБОР АЗИЯ ӨЛКӨЛӨРҮ ТЫШКЫ БАЗАРГА ГАЗ САТА АЛАБЫ?


Прагада отун энергиясы менен камсыздоонун коопсуздугуна арналган эки күндүк эларалык форум аяктады. Жыйында европалык керектөөчүлөрдү мунай-газ менен үзбөй камсыздоо, альтернативдүү отун булактарын пайдалануунун жолдору, мунай-газды саясый курал ирети колдонуунун алдын алуу сыяктуу темалар, ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрүнүн тышкы базарга көгүлтүр отунду сатуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Ырас эле, Борбор азиялык өндүрүүчүлөрдүн газ сатуу мүмкүнчүлүгү кандай?

Жыл башында Россия газдын наркы өскөнүнө шылтап, Украина жана Молдовага кеткен газды бууп койгондон кийин Батыш өлкөлөрүндө Борбор Азиядан көгүлтүр отунду сатып алуунун мүмкүнчүлүгү сөз боло баштады. Америкалык серепчи Стив Пифердин айтымында, мындай сөздүн ырбашына Россиянын саясый жетекчилиги мунай жана газды геосаясый кубатын бекемдөөнүн куралы катары колдонот деген чочулоо түрткү берди.

АКШнын Украинадагы мурдакы элчиси Стиф Пифер азыр Вашингтондогу Стратегиялык жана эларалык изилдөөлөр борборунун талдоочусу.

Эксперттердин пикиринче, Евробримдик Өзбекстан, Түркмөнстан жана Казакстанды Россияга альтернатива болчу газ булагы деп жаңылышат.
Себеби, биринчиден, Борбор Азиянын бул үч өлкөсүндө тышкы базарга сатчу газы болгону менен, алардын биринде да түз эле Европага ири көлөмдө газ чыгаруу мүмкүнчүлүгү жокко эсе. Ал эми Совет доорунда курулган Борбор Азия- Борбор газ боросунун кубаты чектелүү жана ээси Россия.

-Өзбекстан жылына араң гана 7 миллиард метр куб газ өндүрөт. Ташкен учурда Россиянын “Лукойл”, “Газпром” компанияларынын жардамы менен өндүрүштү 10 миллиард куб метрге жеткирмек болууда. Бул өтө аз.
Казакстанда газы аз, мунайы көп. Өлкө бар газынын көбүн жакында кол коюлган келишимге жараша Россиянын Оренбургдагы ишканасына жөнөтөт.
Кытай тарап Казакстандын бардык мунайын сатып алууга даяр жана газын да сатып алуу боюнча жигердүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.
Түркмөнстан Кытайга 2009-жылдан тартып 30 миллиард куб метр газ сатууга кол койгон. Аны кайдан алат?-
дейт Игорь Томберг, Москвадагы Дүйнөлүк экономика жана эларалык байланыштар институтунун эксперти.

Прага форумунда айтылган пикирлерге караганда, Борбор Азиянын газы үчүн жакынкы жылдары ири керектөөчүлөр арасында согуш чыгат деп кооптонбош керек. Швецияда чыгуучу “Борбор Азия жана Кавказ” журналынын башредактору Мурад Эсенов бул маселеге токтолот:

-Борбор Азия мамлекеттеринде сырткы базарга чыгуучу жана тышка газ ташуучу боросу жок болгондуктан улам, ошондой эле Каспий деңизинин статусу али такталбагандыктан, мындай проблема өтө узакка чейин болбойт. Анын үстүнө Шанхай кызматташуу уюмунун алкагында суу-энергия концернин түзүү долбоору бар. Эгер бул концерн түзүлүп калса, Борбор Азия өлкөлөрү өз ресурстарын тышка өз алдынча экспорттоо мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калат.

Транс-Каспий газ боросуна да үмүт аз. Анткени, андай долбоорго региондогу ири оюнчулар Иран менен Россия карамандай каршы.

Амирбек Усманов, Прага

XS
SM
MD
LG