Курманбек Бакиев бүгүн Базаркоргон районунда эл менен жолугушуу учурунда Конституциянын үч долбоору Жогорку Кеңешке бир ай мурда сунушталганын, бирок депутаттар али күнчө аны карабай атканын айтты. Ал ошондой эле мамлекеттик башкаруу формасын тандап алуу боюнча аткаруу бийлиги менен парламент бир пикирге келишпесе, декабрь айында референдум өткөрө тургандыгын билдирди. Президент келерки жылы социалдык тармактагылардын айлыгын 30-50 пайызга жогорулатуу каралып жатканын белгиледи.