Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:26

13:00 Оппозиция тегерек үстөлдү президент менен сүйлөшүү катары эсептебейт


«Биз өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаал талкууланган бардык жолугушууларга жана тегерек үстөлдөргө катышууга даярбыз. Бирок, мамлекет башчы менен олуттуу сүйлөшүүнүн ордуна ар кандай тегерек үстөлгө чогула берген болбойт. Сүйлөшүүлөрдүн форматы бийлик менен такталган жана ал президент менен көзмө көз сүйлөшкөндө гана маанисине чыгат»,- деп айтылат "Реформа үчүн" кыймылыны штабы бүгүн таркаткан билдирүүдө.
Төлөйкан Исмаилова баштаган бир катар жарандык уюмдардын лидерлери бүгүн тегерек үстөл уюштуруп, ал жерге президент менен оппозицияны чакырып, аларды конституциялык реформа боюнча кеп-сөзгө келтиргени жатышкан. Ага президент Курманбек Бакиев барары белгилүү болгон, ал эми оппозициядан бейөкмөт уюмдардын лидерлери гана катышкан жатат.

XS
SM
MD
LG