Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:55

БЕЙШЕНБЕК БЕКЕШОВ: ИШ ТАШТАГАНДАРДЫН КЕНЕДЕЙ ДА АРГУМЕНТИ ЖОК


Эки күндөн бери мамлекеттик телерадиокомпаниянын теле операторлору иш ташташууда. Алар башкы директордун орун басары Бейшенбек Бекешовду кызматтан алуу, жердешчилик саясатын токтотуу, телеоператорлордун иштөө шартын, эмгек акыларын жакшыртуу, МТРКны реформалоо талабын коюшууда. Бул окуянын чоо-жайы тууралуу “Азаттык” менен мамлекеттик телекомпаниянын баш директорунун орун басары Бейшенбек Бекешов ой-пикир бөлүштү.

- 25 оператордун иш таштоосу телерадио компаниянын жумуш ыргагына таасирин тийгизген жокпу, маселен белгиленген берүүлөр обого чыкпай, программаны өзгөртүүгө мажбур болгон жоксуздарбы?

- Булардын күтүүсүз иш таштоосу, албетте, биздин иштин бир тобун үзгүлтүккө учуратты. Бирок операторлук ишти аркалай турган бизде көптөгөн кызматкерлер, режиссерлор, редакторлор, сыртта жүргөн операторлор, ишке киребиз деп жүргөн операторлор бар экен. Ошолор менен ишти үзгүлтүккө учуратпоонун планын түзүп алып, ошонун артынан иштеп атабыз. Кудай буюрса, бир дагы мүнөт эфирди үзгүлтүккө учуратпайбыз.

- Негизи баш-аягы сиздерде канча оператор иштейт?

- Баш-аягы кыркка жакын.

- Демек иш таштагандар жарымынан көп экен. КТРдин реформасы коомчулукка Конституциялык реформадай эле тааныш маселе болуп калды. Албетте реформа бир күндө, же бир айда мүмкүн эмес, ал узак процесс. Иш таштаган операторлор өзгөрүү жок деп ырастап атышат. Сиз айтып атасыз, алардын нааразылыгы реформа жүргүзүлгөндөн улам чыкты деп. Эгер реформа чын эле улана берсе, КТРдин башка бөлүмдөрү, анын ичинде биздин кесиптештер журналисттер иш таштоого чыгат деген чочулоолор жокпу?

- Бул реформа деп республика боюнча кыйкырып аткан кыймыл ар кандай нерсени уюштурганга, ар бир нерсени пайдаланганга аракет кылып атат. Аны көрүп атабыз, алардын артына эмне бар экенин да көрүп атабыз. Ал эми бизде миң киши иштейт, анын кимисинин ою кандай экенин да билбейбиз. Бирок негизги масса биздин акылга сыяр ишибизди колдоп атат деген терең ишеничибиз бар. Ал эми акыл эси бар киши түшүнөт, операторлор бир цехтен бөлүнбөй чогуу турабыз деп атышат. Бул жалпы мончо эмес да бары чогулуп барып жууна турган. Ар бири өзүнчө эмгек, чыгармачылык иш. Ар биринин иши билинбесе, көрүнбөсө, бүтүн бары учетко түшүп калат, ким кандай иштегени ачык болуп калат деп тигилер коркуп атат. Мында ар кандай багыттагы операторлук бар, мисалы концерт тарткан, же кабарларды тарткан, же оперативдүү сьемкаларды жасагандар бар. Ошолордун барын специализация кылбаса, сүрмө топ кылып бир жерде булардын ишинин сапатын аныктоо таптакыр жок калган. Ошонун аягы ушул болуп атат.

- Сиз ички маселелерди айтып кеттиңиз. Булардын нааразылык акциясына сырттан да таасир бар деген ойдосузбу?

- Албетте. “Реформа” деп жаздырып коюп атат, уюштуруп атышат. Булардан реформа эмне экенин сурап көрсөңөр, билбейт. Мындан артык реформа болобу. Сапаттык реформа болбогондо, эмне деген реформа болуп атат. Анын үстүнө биз аларды кууп чыгалы деп аткан жерибиз жок. Болгону иши көбүрөк эсептеле турган жерлерге коюп атабыз. Анын үстүнө менин отставкамды талап кылып атышат. Кечээ күнү мен телевизордон көрүп калдым, Керим Иличов деген киши негизги респондент болуп Мыктыбек Арстанбекке интервью бериптир. Ошол менин отставкамды талап кылып атат, 13 миң долларлык камераны талкалап салган, иш анын мойнунда, тергөөдө жатат. Булар реформаны талап кылып аткан, кордолгон эл экен деп отура берсек, анда бизде жылыш болобу. Эгер жогору жак чечип мени алып таштаса, мен эч нерсе болбойм. Эгер ушул үчүн алып салса алып салсын. Өйдө жак деле жөн эле отурган эл эмес, алардын да акылы бар, эмнеден эмне чыгып атканын көрүп атат деп ойлойм.

- Өткөндө кыргыз радиосунун кызматкерлери ачкачылык жарыялаганга чейин барып жүрүштү эле кадр маселесинен улам. Эми операторлор чыгып атат? Ушул сындуу окуялар мамлекеттик телерадио компаниянын ичинде проблема көп дегенди билдирип турат го?

- Албетте көп. Муну биз каалагандай чече албайбыз. Мунун укуктук жагы бар, ал жагын тууралашыбыз керек. Анан акча деген балекет. Өкмөт акча кошуп бербесе, Жогорку Кеңеш кайра бут тосуп атса, бизде кайдагы акча. Эптеп коммерческий деятельность дегендердин эсебинен тигилерге кайра-кайра айтып отуруп, операторлор орто эсеп менен 3090 сом алат, начислениеси төрт миңге жакын. Андай акча алган бизде бир дагы катардагы кызматкер жок, режиссер да, редактор да албайт. Анан булардын кенедей логикалык, акылга сыярлык аргументи жок. Алар жөн гана шылтоо кылып алып, ушуну жасап атышат.

XS
SM
MD
LG