Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:56

Бириккен Улуттардын эксперти АКШнын жаңы мыйзамын сынга алды


Адам укуктары боюнча Бириккен Улуттардын эксперти Мартин Шейнин кечээ күнү атайын билдирүү жасап, АКШда жакында кабыл алынган аскерий комиссиялар боюнча мыйзам эл аралык эрежелерди бузуп, өлкөнүн айрым эл аралык милдеттенмелерине каршы келет деп жарыялады. Анын айтымында, мындай мыйзамдардын Америкада кабыл алынып жатканы башка өлкөлөргө жаман мисал болууда. Мыйзамдын шарттары боюнча, суракка алынган адамдарга каршы чектелүү өлчөмдө катуу чаралар көрүлүшү мүмкүн. АКШ президенти Жорж Буш кечээ күнү америкалык абактарда эч ким кыйналган жок деп билдирди. Вице-презизент Дик Чейни болсо апта башында туткундарды суу алдында кармоо алардан маалымат алууга жардамдашат деп айткан.

XS
SM
MD
LG