Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:53

Европа Биримдигинин айтымында уюмга мүчө болуп кирүүгө Украина даяр эмес


Кечээ күнү Хелсинки шаарында Европа Биримдиги менен Украина ортосунда бийик жолугушуу болуп өттү жана Европа Комиссиясынын төрагасы Жозе Мануэл Баррозу жыйындан кийин атайын билдирүү жасап, Украинанын Биримдикке мүчө болуп кошулушу үчүн өлкө өзү дагы, уюм дагы азырынча даяр эмес деп жарыялады. Украина президенти Виктор Ющенко болсо Хелсинкиде Финляндия президенти Тария Халонен менен жолугуп, өлкөнүн тышкы саясатынын түпкү максаты - Биримдикке мүчө болуп кирүү деп билдирген. Финляндия азыр Биримдиктин төрагасы.

XS
SM
MD
LG