Багдад. Ирактын премьер-министри Нури Камил ал-Малики менен АКШнын Ирактагы элчиси Залмай Халилзад кечээ күнү биргелешкен жарыя жасап, өлкөдөгү маселелерди жөнгө салуу үчүн атайын программа түзүлө тургандыгын билдиришти. Өлкөдөгү кырдаалды жөнгө салуу маселелери боюнча буга чейин эки саясатчы ортосунда айрым пикир келишпестик болуп келген.