Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:47

АЯЛДАР ДАЛЕ АЗАР-АЗАП ТАРТУУДА


Коопсуздук кеңеши Улуттар Уюмуна кирген өлкөлөрдү аялдарга зордук-зомбулук көрсөтүү көрүнүштөрүнө каршы күрөштө жана алардын жаңжалдарды жөнгө салуу, кайра куруу иштерине активдүү катышуусун камсыз кылуу максатында конкреттүү кадамдарды жасоого чакырды. Коопсуздук кеңеши ушул темага арналып кабыл алынган резолюциянын алты жылдыгына байланыштуу атайын жыйын өткөрдү.

Рэчел Майанжа – баш катчы Кофи Аннандын гендер жана аялдарды кызматка көтөрүү иштери боюнча кеңешчиси. Тынчтыкты бекемдөө иштеринде аялдардын ролун күчөтүүгө багытталган жалпы күч-аракеттер азырынча каалагандай натыйжа бербей жатат, деп айтты ал кеңештин атайын жыйында. Ар түрдүү жаңжалдар учурунда аялдар зордук-зобунга туш болууда,коога-калбаларды жөнгө салууда, согуш жана тынчтык маселелери боюнча чечимдерди кабыл алууда алар баштагыдай эле арткы пландарда калды.

Буга байланыштуу Майанжа үч милдетти өзгөчө бөлүп көрсөттү, атап айтканда, резолюциянын аткарылышына өкмөттүк деңгээлдеги жоопкерчиликтин ачык системасын түзүүнү; бул ишти көзөмөлдөөдө Коопсуздук кеңешинин жетекчилигин күчөтүүнү; резолюцияны жүзөгө ашырууга жетиштүү каражаттарды ажыратууну Улуттар Уюмуна кирген мамлекеттерге жана мекемелерге милдеттендирүүнү сунуш кылды.

Баш катчынын орунбасары Жан-Мари Гуэенно келтирген маалыматтарга караганда, аялдардын үлүшү Улуттар Уюмунун бейпилдик күчтөрүндө - 2,ал эми полиция контингентинде 5 процентке гана жетет. Уюмга кирген өлкөлөрдүн эл аралык миссиялардагы бейаскери кызматтарга аялдарды көбүрөөк көрсөтүшүнө муктажбыз, деп айтты башкатчынын бейпилдик операцияларын тескеген орунбасары.

Улуттар Уюмунун аялдарга арналган өнүктүрүү фондусунун аткаруучу директору Ноэлин Хейзер жаңжал чыккан өлкөлөрдө өтө көп учурларда компенсация тууралуу мыйзамдарда аялдарга мындай төлөмдөр каралбаганын,аларды зордуктап, ыдыктаган иштер анчейин бир кылмыштай эсептеле турганына көңүл бурду. Буга мисал кылып ал Косоводогу окуяларды келтирди. Мындан тышкары ал аялдардын укуктары башка бир саясий чечимдерге садага чабыла турган иш эместигин белгиледи. Хейзер аялдар өз өмүрүнүн, экономикалык турмушунун коопсуздугуна жана сот адилеттигине бекем кепилдикке муктаж экенин эскертти.

Аялдарды басмырлоонун бардык түрлөрүнө каршы күрөшүү жана аларды коомдук турмушка,айрыкча жаңжалдарды жөнгө салууга,куралдуу кагылыштардын салакаларын жоюу багытындагы иштерге тартуу тууралуу резолюция Коопсуздук кеңешинде 2000-жылы 31-октябрда кабыл алынган эле.

XS
SM
MD
LG