Депутат Темир Сариев орчундуу маселелер боюнча президент өзүнүн так позициясын айтсын деген сунуш киргизди. Анткени, депутаттын айтымында, президент соңку күндөрү бири-экинчисине карама-каршы келген билдирүүлөрдү жасады. Атап айтканда, биринчи конституциялык кеңешме иштеп чыккан конституция долбоорун парламент кароосуна киргизерин, андан кийин өзүнүн долбоорун алып чыгарын, парламентти таркатуу керектигин жана парламентте конструктивдүү депутаттар отурганын белгилеп, Курманбек бир сөзү менен экинчи сөзүнө каршы чыгып жатат.