Ирактын Басра шаарында кечээ ирак полициясынын 17 кызматкери жана эки котормочу набыт болду. Козголоңчулар алар бараткан кичиавтобусту токтотуп, ок атышкан. Багдадда Ирактын премьер-министри Нури ал-Маликинин унаасын да аткылашып, анын жан сакчысы жарадар болду. Ал-Малики өзү ошол тапта унаада болгон эмес. Багдадда, ошондой эле, ирак сыналгысынын белгилүү алып баруучусунун өлүгү табылгандыгын жергиликтүү полиция кабарлады.