“Бул киши менин тапшырмамды алган. Жылдын аягына чейин киши өлтүрүүлөр боюнча, Акаевдин мүлкү боюнча жана башкалар боюнча баарынын аягына чыгып сотко өткөрүп бересиң дегем. Убакыт бар дагы. Жылды аягына чыгаралы. Андин кийин ал кишини бул жерге чакыралы мага, сиздерге отчет берсин. Баасын бергиле. Эгерде бүтүргөн жок, жарабайт десеңер чечимиңерди бергиле. Андан кийин эле муну аткарбасаң, тигини аткарбасаң биз көчөгө чыгабыз, пикет уюштурабыз деген сөздөрдү мен ойлойм, бул аша чаап кеткендик болот”,-деди президент Курманбек Бакиев депутаттар алдында.