Мындай пикирин «Азаттыкка» депутат Темир Сариев билдирди. Анын айтымында, президенттин саясий чабалдыгы кырдаалды кайра курчутушу ыктымал. Президент Бакиев парламентте сүйлөгөн сөзүндө конституциялык реформа кечигишинин өз себептери бар экенин, оппозициянын башка талаптарына макул эместигин билдирген. Андан соң сөзгө чыккан айрым депутаттар дароо президенттин дарегине катуу сын пикирлерди айткан. (SM)