Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:26

АКШнын улуттук коопсуздук маселелери боюнча кеңешчиси Хэдли Ирактын жетекчилиги менен жолугушту


АКШ президентинин улуттук коопсуздук маселелери боюнча кеңешчиси Стивен Хэдли кечээ күтүүсүздөн Багдадка келди. Анда Хэдли Ирактын премьер-министри Нури ал-Малики жана Ирактын улуттук коопсуздук маселелери боюнча кеңешчиси Мувафак ал-Рубаи менен жолугушуп, аскерий жана саясий координациялоо маселелерин талкуулады. Америка делегациясынын өкүлү Гордон Жондун айтымында, Хэдлинин Багдадка келиши, америкалык жетекчилик Иракта саясий, экономика жана коопсуздук абалын текшерип жаткандыгынын белгиси.

XS
SM
MD
LG