Казакстандын укук коргоо уюмдары кечээ өлкө бийлигин кылмыш кодексинен “Президенттин жана мамлекеттик кызматтагы адамдардын ар-намысына жана кадыр баркына шек келтиргендиги үчүн” жазага тартууну караган 318-бересин алып салууга чакырды. “Адил сөз” жана “Адам укугун жана мыйзамды урматтоо ”уюмдарынын айтымында, президент Нурсултан Назарбаевдин күч жана сот органдарына бул беренени колдонбоо тууралуу 2002-жылы чыгарган буйругуна карабастан, казак соту бул берене боюнча жазага тартууну улантууда.