Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2022 жума, Бишкек убактысы 00:13

10:25 «Реформа үчүн» кыймылынын лидерлери менен Курманбек Бакиевдин сүйлөшүүлөрү башталды


Өкмөт үйүндө башталган сүйлөшүүлөргө оппозиция тараптан депутаттар Ө. Текебаев, А. Бекназаров, Т. Сариев, Б. Шерниязов, М. Эшимканов жана социал-демократтар партиясынын жетекчиси Алмазбек Атамбаев катышууда. Бийлик тараптан президент Курманбек Бакиев, премьер-министр Ф. Кулов, мамлекеттик катчы А. Мадумаров, президенттин администрация жетекчиси М. Абдылдаев бар. Буга чейин оппозиция менен бийликтин жолугуп сүйлөшүү аракеттери ишке ашпай келген. Президент кечээ парламентте сүйлөп жатып, оппозициядагы депутаттарды өзүнө сүйлөшүүгө чакырган.

XS
SM
MD
LG