Кечээ кечинде «Пирамида» телеканалы узак мөөнөттүү тыныгуудан кийин алгачкы жаңылыктар топтомун орус жана кыргыз тилинде чыгарды. Жогорку Кеңештин депутаты Кабай Карабековдун парламентте билдиргенине караганда, буга байланыштуу улуттук байланыш агенттиги «Пирамиданы» текшере баштады. Муну депутат бийликтин кысымы деп баалады.«Пирамида» өрттөлүп кеткен телеаппаратураларын калыбына келтирип, менчик телемунарасы аркылуу Чүй, Бишкек аймагына телеберүүлөрүн көрсөтүүгө киришкен. (BuS)
11:00 К. Карабеков: «Пирамида» телекөрсөтүүлөрүн, улуттук байланыш агенттиги текшерүүсүн баштады